• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетикалык тармак жеке болгондуктан тарифтерди көтөрүүгө укуктуу – Айдарова

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Энергетикалык тармак бул жеке ишкана, башкача айтканда ал өзүнүн продукциясына жооп берет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директорунун орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

«Албетте, эгер пенсия жана жөлөк пулдар көбөйсө абдан жакшы жана туура болмок, бирок энергетикалык тармак жеке болгондуктан ал өзүнүн продукциясына тарифтерди көбөйтүүгө укуктуу. Ооба, аз пенсия алгандарда төлөмдөрдү төлөөдө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Биз электр энергиясы үчүн ошол эле сумманы төлөйбүз, бирок инфляциянын кесепетинен бир аз көтөрүлөт», - деди ал.

Эскерте кетсек, КР Энергетика министрлиги 2023-жылга чейин электр энергиясына тарифтерди акырындык менен 1 кВт/саатты 1 сом 48 тыйынга көтөрүүнү сунуштап жатат.

Пикир

Оставить комментарий