• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энергетиктер ишин токтоткон жок – "Электр станциялары" ишканасы

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү "Электр станциялары" ААКнын бардык объектилери штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

"Электр станциялары" билдиргендей, өткөн суткада ишкана тарабынан 42 млн 930 миң кВт/саат электр энергиясы иштелип чыккан.

"Өзгөчө абалдын шарттарында энергетиктердин милдети – тутумдун туруктуу иштешин камсыз кылуу. Биздин кызматкерлер обочолонуп иштей алышпайт. Энергетиканын өзгөчөлүгү ушунда. Андыктан бардык объектилерде коронавирустун алдын алуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатат. Ишкананын объектилеринде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, кызматкерлер коргоочу бет каптар менен гана иштөөдө. Алар үчүн санитайзерлер орнотулган", - деп билдирет ишкана.

Пикир

Оставить комментарий