• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аламүдүн районунда 67 жаштагы киши түтүнгө ууланып, ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Аламүдүн районунун Энергетиктер шаарчасындагы Ауэзов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 15 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1952-жылы туулган Т.В., аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий