• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Энергия тармагында карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-жылга туура келет – Улуттук энерго холдинг

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.18. / Кабар/. Энергия тармагында карызды төлөөнүн жогорку чеги 2025-жылга туура келип, 11 млрд. сомду түзөт. Бул тууралуу “Улуттук энерго холдинг компаниясы” ААКнын төрагасы Азамат Абдыкадыров 2018-2019-жылдардын республикалык бюджети каралып жаткан Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, карызды кайтаруунун жолдору боюнча бир нече сунуш өкмөткө берилген. Алсак, Абдыкадыров белгилегендей, бул кайрадан эле "тарифтерге тиешелүү" болот.

“Ошондой эле биз ички оптималдаштырууну жүргүзөбүз. Болжол менен 4 млрд. сом табабыз”, - деди ал.

Бул маселе боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алгач ички техникалык жана коммерциялык чыгымдарды карап чыгуу керектигин айтты.

“Биз элдин ишенимин актап, андан кийин гана тарифтер тууралуу сөз кылышыбыз кажет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий