• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Энергияны үнөмдөө чаралары. Жалал-Абаддагы жарыктандырылган көчөлөрдүн 40%дан ашыгы өчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында электр жарыгын үнөмдөө максатында рейд өткөрүлдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардын вице-мэри Элдос Таев баштаган тийиштүү кызматтардын жетекчилери шаар аймагындагы кафе-ресторандар, тамактануучу, көңүл ачуучу жайларга рейд жүргүздү.

"Рейддин максаты зарыл болбогон ыксыз жарыктандырууларды өчүрүү менен электр энергиясын үнөмдөө болуп саналат. Адистер электр энергиясы менен элди үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ашыкча электр жарыктарын өчүрүү зарылдыгын эскертүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жарыктандырылган көчөлөрдүн 40%дан ашыгы электр жарыгын үнөмдөө максатында өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий