• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 02.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

ЭКБны (энергиянын кайра жаралуучу булактары) Кыргыз Республикасында тезинен өнүктүрүү максатында электр энергиясынын тартыштыгы, ЭКБ тарабынан иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык жактан өнүгүшүнө жана отун теңдемине кошуу менен шартталды.

Бүгүнкү күндө, ЭКБнын негизинде энергетикалык кубаттуулукту өндүрүүнүн ири жана чакан объекттеринде дагы жаңы кубаттуулукту киргизүүнүн чоң көйгөйү турат.

ЭКБны колдонуунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсүн төмөндөтүү, ар түрдүү категориядагы керектөөчүлөргө кымбат эмес, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булактарды жалпы алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу менен, атаандаштык энергия жабдууну камсыздай алат, бул Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүү боюнча милдеттеринин бири болуп саналат.

Сунуш кылынган мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт:
— ЭКБны пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;
— ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;
-ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдер.

Пикир

Оставить комментарий