• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Энерго холдинг" кызматкерлерине компьютерде иштеген зыян деп 3,7 млн сом кошумча акы төлөп берген

Коом 0

Бишкек. 12.01.19 /Кабар/. "Улуттук энерго холдинг" кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн деп 3,7 млн. сом кошумча акы мыйзамсыз төлөп берген. Мыйзам бузууну Эсеп палатасы 2017-жыл үчүн өткөргөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган.

Маалыматка ылайык, оор жумушта иштеген, зыяндуу, опурталдуу жана башка өзгөчө эмгек шарттардагы жумуш үчүн кошумча акы төлөнөт. Бирок компаниянын жетекчилиги жумуш орундарында текшерүү өткөргөн эмес. Ошол себептен жумушчуларга кошумча акча төлөөгө мыйзамдык укук жок болчу.

Эсеп палатасы "Энерго холдингде" аудит учурунда мындан башка да эреже бузууларды аныктаган.

Пикир

Оставить комментарий