• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Энергохолдинг аймактарда электрди маал-маалы менен өчүрүүгө жол берген жетекчилерди кызматтан алат

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгы өлкө аймактарындагы өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды дыкат текшерет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарыкты пайдаланган бардык категориядагы керектөөчүлөр электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болду.

Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы боюнча энергетикалык компаниялардын жетекчилери электр жабдууларын бузулбай иштөөсүн күчөтүү жана керектөөчүлөрдү чектебөө иштерин аткарууга тийиш.

Белгиленгендей, энергетика тармагы бир гана азыркы жылытуу мезгилинде эле эмес, кийинки кышта да үзгүлтүккө учурабай иштеши үчүн электр энергиясын керектөөгө карата бекитилген ченемдерге сөзсүз баш ийүү кажет. Ошондой эле чектөө иш-чараларын киргизүү менен керектөөнү азайтпоо иши да энергетикалык компанияларга тапшырылды.

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгы өлкө аймактарындагы өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды дыкат текшерет. Ушул сыяктуу маалыматтар аныкталып калса, башкы дирекция мүчөлөрүнө кызмат орундардан бошотууга чейин чаралар көрүлөт.

Эскерте кетсек, абоненттерди өчүрүүгө алып келген оңдоо жана монтаждоо иштери токтотулду. Мындан улам ыктымалдуу делген ыкчам өчүрүүлөрдөн жана ашыкча жүктөмү бар жабдуулар менен трансформаторлордон тышкары керектөөчүлөрдүн жарыгы улам-улам өчүрүлө бербейт.

Электр энергиясынын эки сааттан ашык өчүрүлүшү тууралуу маалыматты Улуттук энергохолингдин расмий сайтынын виртуалдуу кабылдамасы жана компаниянын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жиберип коюшуңуздарды өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий