• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болду

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев туунду коомдордун филиалдары күз-кыш мезгилин кандай өткөрүп жаткандыгы менен таанышып келүү максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Төрага энергетикалык компаниялардын жетекчилиги жана кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, анын натыйжасында өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды, келерки жылга коюлган пландарды айтты жана калкка жарыктын үзгүлтүксүз берилиши, ыкчам өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу, берилген электр энергиясы үчүн топтолгон каражаттардын ченемдик көрсөткүчтөрүн алуу, жоготууларды азайтуу жана чектен ашпоо тууралуу жетекчиликке тапшырмаларды берди.

Кеңешменин жүрүшүндө энергохолдингдин төрагасы электр энергияны сарамжалдуу жана туура пайдалануу, жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү булактарын пайдалануу зарылдыгын калкка маалымдап, түшүндүрүүнү күчөтүү керектигине басым жасады.

Талайбек Байгазиев иш сапарынын алкагында жогорку чыңалуудагы электр тармактарынын көмөкчү чордондорун, Ош шаарынын ЖЭБин, “Ош электр” ААКнын райондук электр тармактарын, Баткен облусунун электр объекттерин, Кызыл-Кыянын отказанын, “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКны жана Жийдалик ГЭСин көрүп чыкты.

Энергетиктер ушул жылдын бардык майрам күндөрүндө, жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иштешти.

Пикир

Оставить комментарий