• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Энергохолдингдин башчысы энергокомпаниялардын жетекчилери менен күз-кыш мезгилине даярдыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдылда Исраилов энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен ар жумалык селектордук кеңешме өткөрдү.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеде күз-кыш мезгилине даярдыкка жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор күнүндө электр менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Абдылда Исраиловго энергокомпанияларда пландык оңдоп-түзөө иштерин өткөрүүнүн жүрүшү, Бишкек жана Ош шаардык ЖЭБдерде отун сатып алуу, бүткүл энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылууга багытталган башка чаралар тууралуу маалымат берилди.

“Энергетика объектилеринин иштөөсүнүн ишенимдүүлүгү абдан тыкандык менен камсыз кылынууга тийиш. Бардык пландалган иштер жана көмүр жеткирүү белгиленген мөөнөттөрдө аякталууга тийиш”, - деди Абдылда Исраилов.

Ал ошондой эле, Улуттук энергохолдинг тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор күнүндө электр менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыздоо максатында буйрук чыгарылгандыгын, ага ылайык бардык туунду коомдордун жетекчилерине шайлоолорду өткөрүү күнүнө участкалык шайлоо комиссияларын электр менен үзгүлтүксүз жабдууга жооптуу адамдарды дайындоо, ушул жылдын 1-октябрынан 6-октябрына чейин өткөрүлүүчү пландык оңдоп-түзөө иштерин жана аларга байланыштуу өчүрүүлөрдү токтотуу, авариялык абалды ыкчам жоюу схемаларын иштеп чыгуу менен авариялык-оңдоо запастарын даярдоо жана электр менен жабдууда үзгүлтүккө жол бербөө тапшырылгандыгын билдирди.

“Компаниянын объектилеринде кайтарууну жана өткөрүү режимин күчөтүү жана туунду коомдордун борбордук аппараттарында, ошондой эле түзүмдүк бөлүктөрүндө жана филиалдарында күнү-түнү кезмет уюштуруу зарыл. Шайлоолорду өткөрүү күнүндө электр менен үзгүлтүксүз жабдуу боюнча жекече жоопкерчилик туунду коомдордун башкы директорлоруна жүктөлдү,” – деди Абдылда Исраилов.

Аяктап жатып, ал өндүрүштө техникалык коопсуздукту жана коронавирус илдетинин таралуусу мүмкүн болгон шарттарда санитардык ченемдерди катуу сактоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий