• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Энергохолдингдин башчысы энергокомпаниялардын жетекчилери менен селектордук кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг Башкармалыгынын төрагасы Нурбек Козубеков энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен күз-кыш мезгилдерин өтүүгө арналган кезектеги селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин башчысына керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылуу боюнча компаниялардын учурдагы ишмердиги тууралуу маалымат берилди.

“Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун орун басары Алмаз Кушубаков билдиргендей, азыркы учурда бардык гидро электр станциялары штаттык режимде, эскертүүсүз иштеп жатат. Анын сөзү боюнча, Токтогул суу сактагычында бүгүнкү күнгө 14 млрд 300 млн куб метр суу топтолду. Акыркы суткаларда электр энергиясынын керектөө көлөмү 64 млн кВт/саатты түздү.

Кеңешмеде ошондой эле оңдоп-түзөө иштерин аяктоо, отун даярдоо, жана коронавирустун жайылуу коркунучунун шарттарында санитардык ченемдерди сактоо маселелери талкууланды.

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков, күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн токтомдорунун алкагындагы милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик Башкы директорлорго жүктөлгөндүгүн өзгөчө белгиледи.

“Керектөөчүлөрдү энергия менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүү зарыл”, - деп айтты Нурбек Козубеков.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улуттук энергохолдингдин туунду коомдоруна бүткүл энергетика тутумунун туруктуу иштөөсү көз каранды болгон көрсөткүчтөргө өз убагында жана сапаттуу жетүү боюнча милдеттер коюлду.

Пикир

Оставить комментарий