• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Энергохолдингдин төрагасы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун жана модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Долбоорго ылайык, төрт гидроагрегаттын баары, эки күч трансформатору алмаштырылып, гидроэлектрстанцияны башкаруу тутумунун элементтери жаңыланат. Бүткүл гидромеханикалык жабдуулардын баары иш жүзүндө реконструкциялануусу күтүлүүдө.

Айтмамат Назаров 2022-жылга чейин бардык иштерди бүткөрүүнүн зарылдыгын билдирип, реконструкциялоо ГЭСтин орнотулган кубаттуулугун көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин жана жабдуулардын кызмат мөөнөтүн 35-40 жылга узартарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий