• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Энеси төрөттөн көз жумган 7 жаштагы Эркебү президенттин белегин алды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылынын 7 жаштагы жашоочусу Эркебү Мансурова 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белекти Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев тапшырды.

Мындан сырткары, кичинекей Эркебүгө райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан да белектер, таттуулар берилди.

"Эркебү Ана-Кызыл айылында жашайт. Апасы төрөттөн көз жумган, ал эми атасы миграцияда, кабарлашпайт, дайынсыз. Өлкө башчысынын атынан ноутбук алган Эркебү кубанычтан көзүнө жаш алып, мыкты окуп, келечекте мугалим болгусу келерин айтты. Өкүл Жылкыбаев Эркебүгө Wi-Fi роутер берип жиберерин убада кылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий