• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Энесин жана 4 жашар небересин зордуктап, дагы бир баланы өлтүргөн: Жумгалдагы үрөй учурган окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда оор кылмыштын бети ачылды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө нөөмөт бөлүгүнө “Көк-Ой” айылында өрт чыгып, бир үй-бүлө каза болуптур деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган

"Алгачкы иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, натыйжасында ошол үйдүн 47 жаштагы тургуну А.Энын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө жаткан жеринен табылган. Андан тышкары ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө маркум аялдын неберелери төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын жана жети жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери төшөктө жаткан абалда табылгандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө ишинин алкагында окуянын чоо-жайы аныкталып, 47 жаштагы маркум аял менен 4 жашар небересинин зордукталгандыгы маалым болгон.

Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан соттук-медициналык, биологиялык, химиялык, гистологиялык, дактилоскопиялык, криминалистикалык, медико-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

"Алгачкы тергөөнүнү жүрүшүндө маркум аялдын жана анын уулу жети жаштагы И.А., күч колдонулуп, муунтулуп өлтүрүлгөнү, ал эми төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын зордукталгандыгы аныкталган", - деп кабарлашты милициядан.

Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жумгал районунун Көк-Ой айылынын 29 жаштагы тургуну Ш.К., кармалып,
тергөө иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Шектүү алгачкы көрсөтмө берип, анда 2018-жылдын 20-декабрында болжол менен кечки саат 21:00дөр чамасында ал маркум аял менен анын үйүндө спирт ичимдигин ичишкендигин айткан.

"Аял мас болуп уктап калган. Башка бөлмөдө жаткан 4 жашар кыздын ойгонуп кеткендигин көрүп, күч колдонуп кызды зордуктаган. Кичинекей кыздын жанында уктап жаткан жети жашар бала ойгонуп кеткенде аны алгач колу менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин кичинекей кызды тумчуктуруп өлтүргөн. Ошондой эле конок бөлмөдө мас абалында уктап жаткан 47 жаштагы аялды колу менен муунткан. Кылмышты жашыруу максатында бөлмөдөгү мештин ичинен оттун очокторун алып, бөлмөнүн ар кайсыл бурчтарына от коюп, атайылап өрттөп, качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү кармалып, Жумгал райондук ИИБнүн убактылуу кармап туруу жайына камакка алынды. Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий