• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чүйдө бир катар чектөөлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чүй облусунда бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.

Анын айтымында, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча Аламүдүн, Сокулук жана Ысык-Ата райондордунда рейд жүрүүдө. Аткени бул аймактарда калк көп жайгашкан жана ички миграция өнүккөн.

Облустук штабдын чечими менен төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

• Базарлар эртең мененки саат 06:00дөн 15:00гө чейин иштейт;

• Соода түйүндөр эртең мененки саат 07:00дөн 19:00гө чейин иштейт;

• Кафе, ресторан жана коомдук тамактануу жайлар эртең мененки саат 08:00дөн 21:00гө чейин иштейт;

• Чүйдөн Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган транспорттор иш күндөрү эртең менен жана кечинде жүрүшөт. Ишемби жана жекшемби күнү иштебейт;

• Тойкана, караоке-клуб жана башка көңүл ачуучу жайлардын кишинин санына карабастан иштөөсүнө тыюу салынат.

“Жүргүнчүлөр ташыган транспорттордун айдоочуларына санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жалпы суммасы 108 миң сомго 50 протокол түзүлгөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий