• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ысык-Көлдө бир катар чектөөлөр киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Адил ТөлөгөновКабар/. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ысык-Көлдө бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн облустук штабдын жыйыны өтүп, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар чечимдер кабыл алынган.

“Ага ылайык, облус аймагындагы коомдук транспорттор ишемби күндөрү токтотулат. Райондор ортосундагы, шаар менен райондор ортосундагы каттамдар бир күн иштебейт. Ар бир базар бир күнгө жабылып турат. Ал жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий