• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эпкин—Башкууганды жолун куруу: Тендердик комиссия эл аралык эксперттер менен чогуу каржылык сунуштарын баалоодо

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Эпкин—Башкууганды жолун куруу боюнча тендердик комиссия эл аралык эксперттер менен чогуу каржылык сунуштарын баалоодо, - деп билдирет Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун малыматына карагада, 2021-жылдын 31-мартында конкурстук тоорукка катышууга Эпкин-Башкууганды унаа жолун куруу боюнча тендердин алкагында чакыруу жарыяланган. 2021-жылдын 12-майында тендердик сунуштар ачылган. 2021-жылдын 7-июнунда, техникалык баалоонун отчётту Азия өнүктүрүү банкына (АӨБ) карап чыгуу жана бекитүү үчүн жиберилген. Ал эми 5-июлда техникалык баалоонун отчету АӨБ жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бекитилген.

"2021-жылдын 7-июлунда каржылык тендердик сунуштар ачылган. Бүгүнкү күндө тендердик комиссия эл аралык эксперт менен биргеликте каржылык сунуштарды баалоодо", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 5-январында УКМК Эпкин-Башкууганды унаа жолун куруу боюнча тендердин алкагында пара берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон. Бул иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жана Бишкек шаардык соту тарабынан каралды.

Италиялык Todini компаиясынын өкүлү пара бергендиги үчүн жана КР транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары пара алгандыгы үчүн соттолгон. Анын негизинде 2020-жылдын 16-ноябрында подрядчик келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн келишимди бузуу жөнүндө кат жөнөтүлгөн. Келишим бузулганга чейин аткарылган физикалык жумуштардын жалпы көлөмү 9,5% түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий