• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕРӨБ Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн евро бөлөт

Аймак 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн евро бөлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3,7 млн евросу кайтарымсыз, ал эми калганы насыя болуп саналат.

Белгиленгендей, бул маалымат Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйнында 2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо ооожөнүндө” мыйзамдын долбоору каралган учурда белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий