• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕРӨБ Кыргызстан менен 5 жылдык мөөнөткө кызматташтыктын жаңы стратегиясын иштеп чыгууда

Экономика 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Финансы министри Адылбек Касымалиев өлкө экономикасы жана саясаты бөлүмүнүн директору Артур Радзивиллдин башчылыгы алдындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) миссиясы менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Касымалиев ЕРӨБдүн делегациясына учурашып, өлкөнүн өнүгүшүнө көрсөткөн жардамы жана активдүү ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле финансы министри 1993-жылдан берки түшүмдүү кызматташтыкты орнотуу учурунан берки Кыргызстандын ЕРӨБ менен биргелешкен ишинин позитивдүү тажрыйбасын белгиледи.

Касымалиев конокторду учурдагы макроэкономикалык абал жана республикалык бюджеттин 2019-жылга долбоорунун негизги параметрлери менен тааныштырды.

“Финансы министрлиги 2019-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүп койгон. Биз келерки жылы бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүн күтүп жатабыз. Бирок бизде эл аралык финансылык уюмдар тарабынан программалык жардам азаят. Биз келерки жылы өзүбүздүн күчүбүзгө басым жасайбыз”, - деп белгиледи ал.

Анын айтымында, мамлекеттик бюджеттин 2018-жылга киреше бөлүгү 156,4 миллиард сом суммасында пландалган болсо, 2019-жылы кирешелерди 168,3 миллиард сомго көбөйтүү пландалууда. 2018-жылга республикалык бюджеттин дефицити ички дүң продукциясына 3,8 пайыз өлчөмүндө күтүлүүдө.

“Биз “2018-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен анын маанисин ички дүң продукциясына 2,5-2,6 пайызга жеткирүүнү каалап жатабыз. Ал эми республикалык бюджеттин дефицитинин 2019-жылга көрсөткүчтөрүн ички дүң продукциясына 1,6 пайызга кыскартууну пландап жатабыз. Бюджеттин өлчөмүн кыскартуу маселеси боюнча бизде оң учурлар болууда”, - деди КРнын финансы министри.

ЕРӨБдүн Өлкө экономикасы жана саясаты боюнча бөлүмүнүн директору учурда ЕРӨБдүн миссиясы КРнын социалдык-экономикалык абалын изилдөө максатында 5 жылдык мөөнөткө кызматташтыктын жаңы стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанда экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий