• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕРӨБ Кыргызстанда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай, Кыргызстандагы ЕРӨБ офисинин директору Айтен Рустамова жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда энергетика тармагындагы маселелер, ирригация, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлор талкууланды.

Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Жужанна Харгитай ЕРӨБ Кыргызстанга ишкердикти, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге ал айыл чарба кластерлерин өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар аялдардын ишкердигин өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду, ошондой эле бир катар пландаштырылган долбоорлорду талкуулашты. Мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий