• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕРӨБ Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого 13,8 млн евро бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 04.03.23 /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Лебединовка гидроэлектростанциясын реконструкциялоо жана модернизациялоо 13,8 млн евро бөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев жетектеген КР делегациясынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында КР финансы министри Алмаз Бакетаев жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Евразия, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча энергетика боюнча директору Аида Ситдикова кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, КР министрлер кабинети тарабынан энергетикалык коопсуздукту жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын алкагында Лебединовка ГЭСин реабилитациялоого 13,8 млн евро (анын ичинен 5,0 млн евро - гранттык каражат) бөлүү каралган.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өндүрүүнү жылына 53,5 ГВт саатка чейин, же 56%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий