• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЕРӨБ Жалал-Абаддын суу менен жабдуу жана канализация системаларын алмаштырууда жардам берет

Аймак 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бир катар шаарлардын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды.

Комитет жыйынына Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев «2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2019-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган «Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо (фаза 2)» долбооруна Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча КР менен ЕРӨБтүн ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Ратификациялык мыйзам долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо максатында суу ченегичтер жана коштоочу жабдуулар орнотулат. Ошону менен катар саркынды суу тутумдары алмаштырылат. Мындан сырткары, лабораториялык шаймандар сатылып алынат. Долбоордун жалпы баасы – 9,275 млн евро. 4 млн евро насыя, 4,125 млн евро грант түрүндө берилмекчи. Ал эми 1,15 сон евро техникалык кызматташтык үчүн. Насыя 15 жылга 3 жылдык жеӊилдетилген мөөнөтү менен Euribor +1.0% (өзгөрүлүп туруучу пайыздык коюм) менен берилет. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

Комитет мүчөлөрү насыяны төлөөдө шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүгүн жана ичүүчү сууга болгон тариф саясатын такташтырып, 50%ы грант түрүндө болуп жаткан бул ратификациялык мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Мындан сырткары, жыйында каралган төмөнкү ратификацициялык мыйзам долбоорлору комитет мүчөлөрүнүн колдоосуна ээ болду:

- “Марракеш шаарында 2019-жылдын 6-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (өнүктүрүү максатында Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору;

- «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоорун жана Европа бирлиги тарабынан «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбооруна берилүүчү инвестициялык грант тууралуу Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору;

- «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоорун жана Европа бирлиги тарабынан «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоо» долбооруна берилүүчү инвестициялык грант тууралуу Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору.

Пикир

Оставить комментарий