• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. 21-22-ноябрда Эр-Рияд шаарында кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин 3-жыйынынын алкагында КР министрлер кабинетинин делегациясынын жана Сауд Аравиясынын бир катар министрликтери менен мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топтордун жолугушуулары өтүүдө.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу чарба, маданият, билим берүү жана туризм, анын ичинде Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулашууда.

Ошондой эле катышуучулар 2022-жылдын 23-ноябрында кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин пленардык жыйынынын жүрүшүндө теңтөрагалар тарабынан кол коюла турган протоколдун пункттарын макулдашышты.

Комитеттин кыргыз тараптан теңтөрагасы – КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ал эми сауд тараптан – САПтын айлана чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман Аль-Фадли.

Пикир

Оставить комментарий