• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эр-Рияд шаарындагы “Аль-Жазира” гезитинин башкы редакторуна алдыдагы ДКО тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. КРга инвестицияларды тартуу, ошондой эле экспорттук-соода жана туристтик потенциалын илгерлетүү иштеринин алкагында 20-февралда Сауд Аравия Королдугундагы КРнын элчиси А.Жумабаев Эр-Рияд шаарында “Аль-Жазира” гезитинин башкы редактору Халед бин Хамад Аль-Малик менен жолугушту.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Жумабаев Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып берди.

Элчи Халед бин Хамад Аль-Маликти 3-чү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышууга чакырып, бул кеңири масштабдуу иш-чараны сауд ЖМКларында чагылдырууга көмөк көрсөтүүнү сурады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча “Аль-Жазира” гезитинин редакциясы менен Кыргызстанга байланыштуу маанилүү маалыматтарды чагылдыруу багытында тыгыз кызматташуу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий