• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эр-Рияд шаарында КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилигинде КР эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара жана ошондой эле Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү, Сауд Арабиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматкерлери, саудиялык компаниялардын жетекчилери, ошондой эле Эр-Рияд шаарында жашаган кыргызстандыктар катышты.

Элчилик тарабынан Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхы боюнча презентация уюштурулуп, конокторго жана катышуучуларга Кыргызстан тууралуу видео көрсөтүлдү.

Иш-чара жылуу жана достук маанайда өттү, коноктор жана катышуучулар КР эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата элчиликке жана жалпы Кыргызстан элине куттуктоолорун жана каалоолорун айтышты.

Пикир

Оставить комментарий