• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эр-Риядда КРнын элчилигин куруу тууралуу макулдашууга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. 2017-жылы 27-мартта КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Сауд Аравиянын “Аль Бавани Ко ЛТД” курулуш компаниясынын башкы директору Фахир А.М.Аль-Шавафтын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына сауд аравия тарабынан бөлүнгөн гранттык каражатка Кыргызстандын элчилигинин комплексин куруу маселеси каралды.

Жолугушуунун алкагында долбоордук жана курулуш иштерин аткарууга КРнын Сауд Аравия Королдугундагы элчилиги, ТИМдин “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын жана «Аль Бавани Ко ЛТД» курулуш компаниясынын ортосунда үч тараптуу курулуш келишимине кол коюу аземи болду.

Маалымат үчүн: «Аль Бавани Ко ЛТД» - 1992-жылы негизделген компания, бизнес курулушунда 25 жылдык тарыхка ээ, башкы кеңсеси Эр-Рияд шаарында жайгашкан. Ишмердүүлүгүнүн негизги түрү: курулуш, архитектура, унаа жолдорун куруу. Компаниянын активдери 1 млрд АК долларынан ашык, 6000 кызматкери бар.

Пикир

Оставить комментарий