• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эр-Риядда кыргыз-сауд өкмөттөр аралык кызматташуу комитетинин жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королчулугу) жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-сауд өкмөттөр аралык кызматташуу боюнча комитетинин кезектеги 3-кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку динамикасын канагаттануу менен белгилеп, келечекте көп тармактуу кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгына токтолуп, биргелешкен күч-аракетти соода, инвестициялык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багыттоону макулдашты.

Адылбек Касымалиев кыргыз-сауд күн тартибиндеги приоритеттүү багыттар, жакын арада эки өлкө ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу, Сауд өнүктүрүү фонду менен биргелешкен долбоорлорду улантуу тууралуу маалымат берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле кыргыз тараптын Кыргыз Республикасына саудиялык ири компаниялардын иш сапарларын уюштурууга кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королчулугунун Курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри, Өкмөттөр аралык комитеттин теңтөрагасы Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли белгилегендей, өлкөлөр соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, бизнес-коомчулуктардын ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жоюуга көңүл буруулары зарыл. Мындан тышкары, талкуунун жүрүшүндө өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштуруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Бул контекстте тараптар Кыргызстандын президентинин Сауд Аравия Королдугуна пландаштырылган расмий сапарынын мазмунун толтуруу боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында теңтөрагалар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү, атап айтканда соода, финансы, инвестиция, адал индустриясы, билим берүү, маданият, маалыматтыкк технологиялар тармактары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча тараптардын макулдашууларын жана ниеттерин бекемдеген Протоколго кол коюшту.

Ошондой эле кеңешме алкагында 2 эки тараптуу документтерге кол коюу аземи орун алды:

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Сауд Аравия Королдугунун Курчап турган чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Сауд Аравия Королдугунун Король Фахд атындагы Улуттук китепканасы менен Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий