• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эр-Риядда кыргыз-сауд мамилелеринин кеңири меселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгына болгон расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарында САП тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушуп, кыргыз-сауд мамилелеринин кеңири меселелерин талкуулады.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Министр Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Саудга даректелген атайын кайрылуусун тапшырды.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүшүн жогору баалап, кыргыз-сауд мамилелерин мындан ары активдештирүүгө жана аны сапаттуу жаңы деңгээлге чыгарууга чакырды. Ошондой эле ал соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу, эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу жана Кыргызстандын жарандары үчүн САПка электрондук туристтик виза берүү маселесин эртерээк чечүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, Кулубаев Сауд өнүктүрүү фондунун Кыргызстандын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү жана социалдык-экономикалык чөйрөсүн жакшыртуудагы чоң ролун белгилеп, кыргыз тараптын бул Фонд менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Ханзаада Файсал Аль Сауд 2022-жылдын мартында Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапарынын алкагында көрсөтүлгөн кыргыз тараптын меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, падышалыктын эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү ниетин ырастады.

Эл аралык күн тартибиндеги маселелерге жана эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык уюмдардын, анын ичинде ИКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүсүнө токтолгон министр Ж.Кулубаев, САПтын аймактагы жана дүйнөлүк коомчулуктагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактоодогу ролун жогору баалады. Ошону менен бирге ал Кыргызстан “ЭКСПО-2030” дүйнөлүк көргөзмөсүн өткөрүүгө САПтын талапкерлигин толук колдой турганын билдирди.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризиске байланышкан татаал маселелерди чечүүдө күчтөрдү биригиштирүү зарылдыгын белгилешти. Аймактык маселелер боюнча Йемен, Афганистан жана Украинадагы кырдаал талкууланды.

Жолугушуу жылуу достук маанайда өтүп, жыйынтыгында тараптар дайыма байланышта болууну жана эки тараптуу карым-катнашты мындан ары да бекемдөөнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий