• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эр-Риядда сауд-кыргыз бирдиктүү комитетинин биринчи жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. 2017-жылы 14-15-мартта Сауд Арабия Королдугунун (САК) Эр-Рияд шаарында сауд-кыргыз бирдиктүү комитетинин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга КРнын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана САКтын айлана чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдульмохсин Аль-Фадли төңтөрагалык кылышты.

Жыйындын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн линиясы боюнча экономика, соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, транспорт, жарандык авиация, жол, суу ресурстары, жогорку билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек, консулдук мамилелер, миграция, илим жана технология жаатындагы кызматташтык маселелери кеңири каралды. Түрдүү жаатта кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча келечектүү кадамдарга макулдашышты.

Жыйын достук, иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Тараптар бир добуштан бирдиктүү комиттеттин жыйыны эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгынын жакшы башталышы болот деп боолголошту.

Бирдиктүү комитеттин жыйынына Кыргызстандын ишкерлер тобу жана компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында өкмөттөр аралык бирдиктүү комитеттин бирдиктүү протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий