• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эр-Рияддын ишкерлерине Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүндүктөрүн тааныштырышты

Экономика 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Инвестицияларды тартуу, КРнын экспорттук-соода жана туристтик потенциалын алга жылдыруу иштеринин алкагында 13-апрелде Кыргызстандын Сауд Аравиясы Королдугундагы элчиси Абдилатиф Жумабаевдин Эр-Рияд шаарынын ишкерлери менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга САК ишкер чөйрөсүнүн 30 өкүлү, анын ичинде «Аль-Мухайдиб» компаниясынын башкы директору Сулейман Аль-Мухайдиб, «Аль-Химма» холдингинин президенти Абдульазиз Аль-Бабтин, «Saudi Parkinson society» аткаруучу директору Аднан Аль-Иса, «Аль-Саха» башкы директору Мажид Аль-Сувейлим, «Аль-Шахран» компаниясынын президенти ж.б. катышышты.

Катышуучуларга жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү мыйзамдар, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу маалыматтар берилип, КРнын туристтик жагымдуулугу жөнүндө «Kyrgyzstan So much to discover» буклеттери, CD дисктер, жарнамалык брошюралар таратылды.

САК ишкерлери КР менен соода жана инвестициялар тармагында тыгыз кызматташууга кызыкдарлык билдиришти. Ошондой эле, КР экономикасына андан аркы инвестиция салуу үчүн потенциалдуу долбоорлорду карап чыга тургандыктарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий