• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрдоган: 2020-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда жогорку деңгээлде өтөт

Саясат 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин жыйынына катышышты.

Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган өз сөзүндө жылуу кабыл алуу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине ыраазычылык билдирди.

Ал бүгүнкү жолугушуу жана стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин жыйыны биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө өтө маанилүү болуп саналарын белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган кызматташтыктын бардык спектрлери боюнча — саясатта, экономикада, аскерий кызматташтыкта, аба каттамдарында, транспорттук инфраструктурада, медицинада, билим берүүдө жана маданиятта кызматташууну күчөтүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.

«Ушул бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Түркия БУУда жана башка эл аралык уюмдарда ар дайым Кыргызстанды колдойт „, — деп белгиледи Түркия Президенти.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Түркия ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өзгөчө баса белгилеп, Жогорку Кенеште достук тобу бар экенин жана Түркия парламентинде да ал ишин баштай турганын белгиледи.

Андан тышкары, Режеп Тайып Эрдоган эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн деңгээлинин төмөн экендигин белгмлеп, анын көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүгө чакырды. Ошону менен бирге ал түрк бизнесмендерин колдоого чакырып, Түркия Кыргызстанга инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө дар экенин билдирди.

Түркия Президенти кыргыз-түрк маданий борборун ачууга, ‚Маариф‘ фонду менен тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи. Ал Түркия 2020-жылы Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын баса белгилеп, бул эки тараптуу кызматташтыкты мындан да бекемдете турганын жана Оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле Түркияда дарылануу үчүн кыргызсандыктарга квотаны көбөйтүү ниети тууралуу билдирди.

Пикир

Оставить комментарий