• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрдоган: Акыркы мезгилде Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр байкалууда

Коом 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине катышышты.

Капсула салуу аяктаган соң эки мамлекеттердин Башчылары «Манас» университетинин башкы корпусуна чакырылышты. Анда Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттерине университеттин «Ардактуу доктору» наамын ыйгаруу аземи болду.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ага ардактуу наам ыйгарышканы үчүн катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Ал 2011-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетине акыркы жолу келгенден бери анчалык деле көп убакыт өтпөсө да, кыска мезгилдин ичинде мында чоң өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган Түркияда көптөгөн кыргызстандык жаштар окушат, ушунун өзү эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин белгиси болуп саналарын баса белгиледи.

Түркия Республикасынын лидери акыркы мезгилде Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр байкалганын белгиледи. Ал Түркия бир тууган кыргыз элине зарыл болгон жардамды берип, колдоого дайыма даяр экенине ишендирди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган кыргызстандыктарды жакында өткөн майрамы — Кыргызстандын көз карандысыздыгынын Күнү менен куттуктап, Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныганын белгиледи. Ал кыргызстандыктарга бакубатчылык жана тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий