• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрдоган: Бийик дубалдарды куру менен миграция кризисин чечүү мүмкүн эмес

Дүйнө 0

Бишкек. 20.02.19 /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган миграция кризиси тууралуу сүйлөгөн сөзүндө, Сирия кризисинин башында Анкара сунуштаган коопсуз аймак түзүү планы сириялык качкындарды өз өлкөсүнө кайтарууда ылайыктуу жана практикалык чечим болуп саналарын билдирди.

"Палестиналык качкындарга жардам берүүнү токтотуу жана аларды жакырчылык менен жазалоо адамгерчиликсиз жана адеп-ахлаксыз иш болуп саналат", - деп белгиледи Эрдоган.

Ал Түркиянын качкындарга көрсөткөн жардамы 37 млрд доллардан ашканын белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мигранттардын саны 260 миллионго жетет. Алардын ичинен 68 миллиондон ашууну өз үйлөрүн таштап кетишкен жана учурда алардын 25 миллиондон ашууну качкындар, деп жазат www.ca-irnews.com

"Бул сандар экономикалык көйгөйлөрдөн, ачкачылык, жарандык согуш, террордук кол салуулар жана саясий туруксуздуктан улам күндөн-күнгө өсүп жатат", - деди Эрдоган.

Ал Европа Биримдиги сириялык качкындар үчүн гуманитардык жардамга 6 млрд. доллар бөлүү тууралуу убадасын аткара элегин билдирди. Түрк лидери сөзүнүн аягында, бийик дубалдарды куруу жана көптөгөн тикенектүү зым тосмолорду орнотуу менен миграция кризисин чечүү мүмкүн эмес деп баса белгиледи.

Ал миграция – өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууда таасирин тийгизген саясий маселе экенин белгилеп, эгер мигранттардын жаңы толкуну пайда болсо, Түркия аны менен жалгыз күрөшө албайт деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий