• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эрдоган кыргыз элин жана Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Курман Айт майрамы менен Сизди улутумдун жана өзүмдүн атыман чын жүрөгүмдөн куттуктоо менен бирге, бүткүл дүйнө баштан өткөрүп жаткан бул кыйын мезгилде баарыбыздын башыбызды кошкон бул майрам мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, Сизге Алла Таалладан ден соолук жана бакыт, дос жана бир тууган Кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, аманчылык жана бакубатчылык тилейм», — деп айтылат Түркия Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий