• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эрдоган Кыргызстан элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Жалпы тил, маданият жана тарыхка негизделген стратегиялык мамилелерибиз өз ара түшүнүшүү жана жардамдашуу нугунда мындан ары дагы өнүгө берет деп терең ишенем. Мен коронавирус пандемиясынан улам убактылуу үзгүлтүккө учураган биздин жогорку деңгээлдеги сапарларыбыз жаңы энергия менен жанданып, уланат деген ишенимдемин. Ошондуктан, Сизди биздин өлкөгө жогорку деңгээлдеги Стратегиялык кызматташтык кеңешинин кезектеги отурумунда тосуп алууда кубанычта болом», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Режеп Тайип Эрдоган Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана бакыт-таалай, боордош кыргыз элине бакубат жашоо каалады.

Пикир

Оставить комментарий