• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эрдоган Кыргызстанда иш сапары менен жүргөндө Twitter`деги баракчасына эмнелерди жазды?

Саясат 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга болгон иш сапарынын, Чолпон-Ата шаарында өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуусунун жүрүшүндө өзүнүн Twitter`деги расмий баракчасына Кыргызстандагы жолугушуулар жана окуялар тууралуу 5 жарыя жасады.

Эрдоган сүрөттөрү менен биринчи билдирүүсүн эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнүн үмүтүнө арнаган.

“Биздин Кыргызстанга болгон иш сапарыбыз учурунда күн тартибинде болгон бардык маселелерди урматтуу кесиптешим Жээнбеков менен талкууладык. Биз Стратегиялык кызматташтыктын кеңешинин 4-отурумун жогорку деңгээлде өткөрдүк”, - деп жазган Түркиянын президенти.

Түркиянын президентинин экинчи билдирүүсү Бишкекте өткөн ишкерлердин форумуна арналган.

“Биз FETO менен күрөшүүдө жасалуучу жалпы кадамдарды бааладык. Биздин саясий, коммерциялык жана маданий мамилелерди жакшыртууга бирдей максаттарыбыз бар экенин көрдүк. Ишкерлердин форумунда биз инвестициялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендигибизди билдирдик”, - деп жазган Эрдоган.

Үчүнчү твитинде Эрдоган Бишкектеги жаңы мечиттин ачылышына катышкандыгы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Түркияда өткөрүү тууралуу билдирген.

“Биздин маданий байланышыбызды дагы да бекемдей турган Бишкектеги Имам Серахсинин мечитин ачтык. Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыштык. 2020-жылы Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка тартуулаган бул оюндар биздин өлкөдө өтөт деген үмүттөмүн”, - деп жазган президент.

4-твитинде Эрдоган : “Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинде мамлекет башчылар менен аймактык жана глобалдык көйгөйлөргө жана соода мамилелерине баа бердик”, - деп жазган.

Акыркы жарыясында Түркиянын президенти КР мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын элине меймандостугу үчүн ыраазычылыгын билдирген.

“Менин оюмча биздин Кыргызстанга болгон иш сапарыбыз эки тараптуу жана аймактык мамилелерибизге жакшы түшүмүн берет. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана анын элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем”, - деген Эрдоган.

Пикир

Оставить комментарий