• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Эрдоган мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.04.18. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 29-апрель кечинде мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды.

Gazeta.uz басылмасы кабарлагандай, Ташкент аэропортунан түрк лидери менен жубайын Өзбекстандын премьер-министри Абулла Арипов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Эрдоган Өзбекстан парламентинде сөз сүйлөп, өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк жана өзбек ишкерлеринин форумуна катышат. Андан тышкары түрк президенти 1-майда Бухарага барат деп күтүлүүдө.

Ташкентке учардын алдында Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы эл аралык Ата-Түрк аэропортунда брифинг өткөргөн.

Түрк президентинин сайтында жазылгандай, анда Эрдоган Түркия менен Өзбекстан колдон чыгарылган мүмкүндүктөрдү кайрадан калыбына келтирет деген ишенимин билдирген.

Андан тышкары ал Өзбекстанда имам Аль-Бухари жана имам Матуриди атындагы илимий-изилдөө институттарын ачуу пландары тууралуу айткан.

Пикир

Оставить комментарий