• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрдоган менен Рухани кыргыз элин жана Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Ушул ыйык Майрам, учурдагы башыбыздан өтүп жаткан кыйын мезгилде Ислам ааламына жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келишин каалоо менен, элимдин жана жеке өзүмдүн атыман Сизге ден-соолук жана бакыт, боордош кыргыз элинин бакубат жашоосу, амандыгы жана бейкутчулугу үчүн эң жакшы тилектеримди дагы бир жолу кайталайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

»Аль-Фитр» майрамы — бул Кудай алдында сынактан ийгиликтүү өтүүнүн, Жаратканына жакындоого бардык күч-аракетин жумшап жана Сират аль-Мустакимди унутпаган Кудайдын кулдарынын чыныгы жеңишинин жана кубанычынын майрамы.

Бул улуу майрамдын ыйыктыгы, ошондой эле окумуштуулардын жана кесипкөйлөрдүн күч-аракети менен биз бүгүнкү күндө адамзаты кабылган коронавирустун кесепетинен тузүлгөн кырдаалды жана бардык кыйынчылыктарды ашып өтүп, ислам өлкөлөрүндөгү элдерибиздин жана дүйнө элинин ден-соолугун, коопсуздугун, бейпилдигин жана туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн шарттарды камсыздай алабыз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий