• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эрдоган жана Алиев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 02.05.22./Кабар/. Түркиянын жана Азербайжандын президенттери Режеп Тайип Эрдоган менен Илхам Алиев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Режеп Тайип Эрдогандын куттуктоосу: “Ынтымак жана биримдик алып келген бул куттуу Орозо айт майрамы бүткүн дүйнөгө ден соолук, тынчтык жана бейпилдик алып келишин тилеймин”, - деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ден соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош кыргыз элине аманчылык жана бакубатчылык каалады.

Илхам Алиевдин куттуктоосу: “Сизди жана сиздин атыңызда жалпы кыргыз элин өзүмдүн атымдан жана азербайжан элинин атынан руханий тазалыктын жана боорукердиктин символу болгон куттуу Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Илхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий