• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эрдоган Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Жаздын жарчысы катары салтанаттуу түрдө белгиленген Нооруз, Борбордук Азиядан Балкандарга чейинки аймактарда жалпы баалуулуктарыбызды жана байлыктарыбызды эстөө, коргоо жана жаңы муунга өткөрүп берүү үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Байыркы цивилизациябыз; тынчтык, сабырдуулук, сүйүү, бир туугандык сыяктуу жалпы баалуулуктар жогору тутулган жерде өсүп-өнүгүү менен катар, ата-бабаларыбыздан бөлүнүп-жарылууга жол бербеген, биримдик менен ынтымак үчүн зарыл болгон бийик сапаттарды мураска алган.

Оор сыноолордон өтүп жаткан бул мезгилде Нооруз алып келген достук жана бир туугандык руху дүйнөлүк масштабда таасирлүү болот деп үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоо катында.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ден соолук, бакыт таалай, ийгилик, ал эми дос жана боордош кыргыз элине бакубатчылык жана тынчтык каалады.

Пикир

Оставить комментарий