• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрдоган: Түркия менен Россия биргелешип абадан коргонуу системасын өндүрө баштайт

Дүйнө 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Анкара менен Орусия биргелешип С-500 абадан коргонуу системасын өндүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Анын айтымында, Анкара Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алууну да өз убагында баштайт. Ошол эле маалда америкалык F-35 аскердик учактары дагы түрк армиясынын куралдануусуна алынат.

Москва менен Анкара 2,5 миллион долларга төрт С-400 комплексин сатып алуу тууралуу макулдашууга 2017-жылы кол койгон. Анда абадан коргонуу системасынын алгачкылары Түркияга 2020-жылы жазында жеткириле баштай тургандыгы жазылган. Бирок кийинчерээк тараптар бул мөөнөттү 2019-жылдын июлуна жылдырган.

Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн F-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Вашингтон ошондой эле С-400 америкалык Patriot системасынан айырмаланып, НАТОнун абадан коргонуу системасына ылайык келбей турганын белгилеген. АКШ Сенатында эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштыра турган болсо, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.

Пикир

Оставить комментарий