• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эрдоган: Түркия Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алуу келишиминен чыкпайт

Дүйнө 0

Бишкек. 08.03.19 /Кабар/. Вашингтондун нааразылыгына карабастан, Түркия Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алуу тууралуу келишиминен чыкпайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жергиликтүү 24TV телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

«Ал боюнча келишим түзүлгөн жана биздин андан чыгуу ниетибиз жок. С-400дөн кийин С-500дү сатып алышыбыз мүмкүн», — деди Эрдоган.

5-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти эгер Анкара С-400 ракеталарын сатып алуудан баш тартпаса, Вашингтон F-35 аскердик учактарын жеткирүү программасын кайра карай турганын эскерткен.

Буга чейин Кошмо Штаттар С-400 комплекстери НАТОго мүчө өлкөлөрдүн системаларына ылайык келбей турганын жана Орусия альянстагы биримдикти бузууга аракет кылып жатканын билдирген. Мындан тышкары Вашингтон Түркияга «Патриот» ракеталык комплекстерин сатуудан баш тартышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Мурдараак Орусиянын маалымат каражаттары Түркия эки жарым миллиард долларга С-400 комплексинин төрт дивизионун сатып алууга ниеттенип жатканын жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий