• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркия президентинин Кыргызстанга иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет - Шентоп

Саясат 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Ушул жылдын 31-майынан 1-июнуна чейин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Акиф Чагатай Кылычтын чакыруусу менен курамында КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков, депутаттар Нурланбек Шакиев, Лейла Лурова, Жылдыз Таалайбек кызы, Гуля Кожокулова, Замирбек Мамасадыков жана Нурлан Азыгалиевдер болгон делегация иш сапары менен Түркияда болуп кайтышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, түзүлгөн дипломатиялык практикага ылайык, алгач КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар койду.

КР делегациясы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуп, Кыргызстан менен Түркиянын тарыхый, маданий бирдейлигин жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык деңгээлдеги кызматташтыкты баса белгиледи.

Төрага Шентоп Президент Эрдогандын Кыргызстанга үстүбүздөгү жылы боло турган расмий сапары жана стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 6-жыйынынын өткөрүлүшү эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болорун белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты, айрыкча соода-экономикалык чөйрөдө жана парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча көп тараптуу платформалардагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу менен бирге, үстүбүздөгү жылы июнь айында Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык жыйынын өткөрүү маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле аталган иш-чарага төрага Шентоп катыша турганын билдирди.

КР Жогорку Кеңешинин делегациясы ТУУЖнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын парламенттик тобунун жетекчисинин орун басары Акиф Чагатай Кылыч, Парламенттер ортосундагы Кыргызстан-Түркия достук тобунун башчысы Сабри Өзтүрк жана ошондой эле Түркия Парламентинин бардык фракцияларынын өкүлдөрү, атап айтканда Башкаруучу Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын парламенттик тобунун жетекчисинин орун басары Йылмаз Тунч, Республикалык Элдик партиясынын парламенттик тобунун жетекчисинин орун басары Энгин Озкоч, Улуттук кыймыл партиясынын парламенттик тобунун жетекчисинин орун басары Эркан Акчай, «Жакшы» партиясынын парламенттик тобунун жетекчиси Исмаил Татлыоглу жана Элдер Демократиялык партиясынын парламенттик тобунун жетекчисинин орун басары Мерал Даныш Бешташ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелердин абалын жана өнүгүүсүн, парламенттик уюмдардын алкагындагы, анын ичинде достук топтору жана фракциялары аркылуу кызматташууну талкуулашты.

Иш сапардын алкагында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин президенти Серкан Каялар жана Түркиянын Палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) жетекчисинин орун басары Фаик Явуз менен жолугушту.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде жана Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин борбордук аянтындагы Улуу Манастын эстелигинде болуп, муниципалитеттин мэри Тургут Алтынок менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий