• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин биринчи күнү жыйынтыкталды - фоторепортаж

Саясат 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 1-сентябрда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий визит менен Кыргызстанга келди.

Расмий визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун Президент Режеп Тайып Эрдоган менен тар курамда сүйлөшүүлөрү болуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелери жана келечеги талкууланды.

Тар курамдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумуна катышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Андан соң эки мамлекеттин башчылары басма сөз өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

Пикир

Оставить комментарий