• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Эрдогандын партиясы жергиликтүү шайлоолордо жеңилүүдө

Дүйнө 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Түркиядагы жергиликтүү шайлоолордо президент Режеп Тайып Эрдогандын тарапташтары бир катар ири шаарларда жеңилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча баш калаа Анкарада бир топ артыкчылык менен оппозициянын талапкери жеңишке жетти. Ошентип, бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы 2000-жылдардан бери алгачкы жолу Анкарада добуштардын көбүнө ээ боло алган жок.

Мындан тышкары Эрдогандын партиясынын талапкери өлкөнүн ири шаары эсептелген Стамбулда дагы жеңилет деп күтүлүүдө. Учурда анда добуштарды саноо уланып жатат, бирок шайлоо комиссиясынын болжолдуу маалыматына караганда, оппозициядагы Республикалык элдик партиянын талапкери Экрем Имамоглу бийликтеги партия тарабынан көрсөтүлгөн мурдагы премьер-министр Биналы Йылдырымдан 28 миң добуш артыкчылык менен алдыда келатат.

Анткен менен Адилеттик жана өнүгүү партиясы жалпы өлкөнүн масштабында добуштардын көпчүлүгүнө ээ болду. Эрдоган ири шаарлардагы жеңилүүгө карабастан, шайлоонун жыйынтыгы «Түркияны тизелеткиси келгендерге сокку болгонун» билдирди.

Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы айрым күрт райондорунда күртчүл Элдик демократиялык партия жеңишке жетти. Муну менен партия эки жыл мурда жоготуп койгон позициясын кайра кайтарып алды. Анда бийлик террордук уюмдарды колдойт деген жүйө менен партия мүчөлөрүнүн көбүнүн мандатын алып койгон.

Пикир

Оставить комментарий