• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ереван шаарындагы ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

ЕАЭБ 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) Жогорку Евразиялык кеңештин кезектеги жыйынына катышты.

ЖЕЭК жыйыны адаттагыдай тар жана кеңейтилген курамда өттү, анын жыйынтыктары боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары биримдиктин алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту. Мындан тышкары Биримдиктеги өлкөлөрдүн вице-премьер министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Жыйындын соңунда Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян делегация башчыларына Биримдиктин 5 жылдыгына карата ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин улуттук банктары чыгарган эстелик тыйындарын тапшырды.

Ошондой эле делегация башчылары «Тумо» инновациялык технологиялар борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты жана «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу сессиясына катышты.

ЖЕЭК жыйынына катышуунун алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон менен жолгушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темалары жана келечеги талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий