• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ереванда кыргыз-армян мамилелеринин келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча консультация өттү

Коом 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-26-августунда Ереван шаарында эл аралык укук, анын ичинде кыргыз-армян мамилелеринин эки тараптуу келишимдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жана өркүндөтүү маселелери боюнча тышкы иштер министрликтери аралык консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Армениянын тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү колдонуудагы, аракети токтотулган жана күчүнө кире элек эки тараптуу эл аралык келишимдердин тизмегин актуалдаштыруу боюнча иш алып барышты.

Делегациялар жок болгон эл аралык келишимдердин тексттери менен алмашууга даяр экендиктерин билдирип, Кыргызстан менен Армениянын ортосунда түзүлгөн айрым эл аралык келишимдердин макамын тактоо боюнча ишти улантуу зарыл экендигинде өз ара түшүнүшүүгө жетишишти.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун укук кызматтарынын иш тажрыйбасы менен алмашып, өз ара кызыгууну жараткан эл аралык укук маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки мамлекет ортосунда иштеп чыгууда болгон документтердин долбоорлорунун учурдагы абалы талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий