• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ереванда ЖККУнун биргелешкен уставдык органдарынын жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ереван шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) биргелешкен уставдык органдарынын жыйынына катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын күн тартибинде жыйырмадан ашык маселе каралды.

Делегациялардын башчылары ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын Армения Республикасынын уюмдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер жана сессиялар аралык мезгилде жетишилген жыйынтыктар тууралуу баяндамасын угушту.

Тараптар дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алуу менен жамааттык коопсуздукту камсыз кылуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Жыйындын катышуучулары бир катар маанилүү саясий документтерди, анын ичинде кыргыз тарап демилгелеген ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин террористтик ишмердүүлүктү каржылоого каршы күрөшүү боюнча билдирүүсүн кабыл алышты.

Ошондой эле мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин эл аралык жана аймактык коопсуздуктун архитектурасын бекемдөө жана курал-жарактарды көзөмөлдөө, куралсыздануу жана жайылтпоо боюнча билдирүүлөрү жана мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын улутчулдукка жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарында экстремизмге каршы туруу боюнча билдирүүсү кабыл алынды.

Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат, коргоо ведомстволорунун жана коопсуздук кеңештеринин жетекчилери Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилген чечимдерди, Тынчтыкты сактоо күчтөрүн заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар менен камсыздоо боюнча документтердин долбоорлорун, ЖККУну радиациялык, химиялык, биологиялык коргоону жана медициналык камсыздоону биргелешип түзүү боюнча маанилүү чечимдерди жактырышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча уюмдун ичинде төрагалык кылуу Беларусь Республикасына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий