• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы катышты.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. «2021 – 2024-жылдарга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук

2. «Евразиялык экономикалык биримдиги алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө» чечим

3. «Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2021-жылдын 21-сентябряындагы №129-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө» чечим

4. «Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим

5. «Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма

6. «Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө Келишим долбоору үстүндө иштин жүрүшү тууралуу» маселе алкагындагы тапшырма

7. «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы 2020-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө» буйрук

8. 2021 – 2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, тери сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө» буйрук

9. «Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерди Евразиялык экономикалык биримдигинде өндүрүлүшү 2024-жылга чейин камсыздала турган, медициналык пайдалануу үчүн стратегиялык маанилүү дары-дармектер жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» буйрук

10. ЕАЭБ алкагында кредиттик таржымалга киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө Келишим

11. «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө» Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечим долбоору жөнүндө» чечим

12. «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2022-жылга бюджети жөнүндө» Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө» чечим.

13. «Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Сотунун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө ревизия жүргүзүү жөнүндө» буйрук

14. «Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» буйрук

15. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.

Пикир

Оставить комментарий