• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 03.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Өкмөт башчы тарабынан мурда берилген тапшырмаларга ылайык, жаңы жылдык майрам учурунда ички иштер органдарынын жеке курамы, энергетикалык кызматтын жана башка ведомстволордун өкүлдөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымдашты. Маалыматка ылайык, учурда республикада туруктуу коомдук-саясий абал сакталууда.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров маалымдагандай, энергетиктердин ырааттуу иш алып баруусуна жараша, 2018-жылдын 31-декабрында жана 2019-жылдын 1-январында жогорку чыңалуу тармактарында орун алган бузулууларды ыкчам тартипте четтетүүгө мүмкүндүк болду. Учурда өлкөнүн энергетикалык тутуму штаттык режимде иштеп жатат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин дагы бир ирет эскертти.

«Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймылы эрежелерин бузуулар көбүнэсе айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коопсуздук жаратат. Айыппулдун жогорулатылышы алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр 2019-жылы Өкмөт алдында министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн талап кылган ишке ашырылчу бир катар маанилүү милдеттер тургандыгын баса белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле коомчулук менен кайтарма байланышты активдештирүүнүн жана жол кыймылы эрежелерин бузуу үчүн айыппулду жогорулатуу сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз үчүн элдин коопсуздугу абдан маанилүү, жарандар арасында киргизилип жаткан жаңычылдыктар тууралуу бурмаланган маалымат таркатылууда. Ошондуктан мамлекеттик органдар киргизилип жаткан жаңылыктардын максат-милдеттери тууралуу ыкчам жана жеткиликтүү түшүндүрүүсү керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестри иштеп баштагандыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, республика боюнча бардык даярдык көрүү жана техникалык иш-чаралары жыйынтыкталган. Жакынкы күндөрү байланыш каналдарынын ишинде майда-барат иштен чыгуулар орун алгандыгы менен алар ыкчам тартипте четтетилген.

Премьер-министр жаңы жылдык каникул мезгилинде кызмат өтөгөн тийиштүү мамлекеттик орандардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди жана майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий